super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин башкы катчысын кабыл алды

 

Бүгүн, 27-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөбүзгө жумушчу сапар менен келген Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин башкы катчысы Рамил Гасановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө түрк дүйнөсүнүн ортосунда маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык тармактарда кызматташууга, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин катышуучу-өлкөлөрүнүн ортосунда мындан аркы өз ара аракеттенишүү перспективаларына тиешелүү маселелер талкууланды.

Алмазбек Атамбаев менен Рамил Гасанов үстүбүздөгү жылы Казакстан Республикасында өткөрүлө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин V саммитине даярдыктын жүрүшүн талкуулады.

Президент аталган кеңешке мүчө мамлекеттердин ортосунда саясий диалогду жана маданий карым-катнашты мындан ары активдештирүүнүн маанисин белгиледи. Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө кошумча дем берип жаткан Аксакалдар кеңешинин жемиштүү ишин белгилеп, штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштыруу менен Көчмөндөр маданиятынын борборун түзүү тууралуу идеяга токтолду.

Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин башкы катчысынын орун басары Адахан Мадумаров дагы катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: