super.kg logo

Таласта диний радикализм жана экстремизмди жоюу боюнча тегерек стол өттү

 
Таласта өткөн диний радикализм жана экстремизмди жоюу боюнча тегерек стол.

Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 26-февралда "Диний радикализмди жана экстремизмди жоюу" деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. 

Жыйынга Талас облусунун мусулмандар казыятынан Абдусамат уулу Өмүрзак, ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкери Ратбек Турусбеков, ИИМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана Талас шаарынын мэриясынан өкүлдөр катышышты.

"Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, айрым адамдар өздөрүнүн тар түшүнүгү менен кылмыштуу иштерин жихад деп атап, исламдын атын жаман көрсөтүп жатышат. Мындай ишти кылган адамдар чоң күнөөкөр болушат",- деди Талас облусунун мусулмандар казыятынан Абдусамат уулу Өмүрзак.

Экстремизм, терроризмге каршы күрөшүүдө бүткүл адамзаттын бирдиктүү күчү, темирдей бекем эрки керек экенин белгиледи ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкери Ратбек Турусбеков. Экстремизм, терроризмге каршы түшүндүрүү иштерин күчөтүү жыйыны буга чейин Талас облусунун мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: