Арстанбек Буйлаш уулунун эстелигинин эскиздик варианты даяр болду
Арстанбек Буйлаш уулунун эстелигинин эскиздик варианты.


Арстанбек Буйлаш уулунун эстелигинин эскиздик варианты.

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов кыргыз элинин улуу ойчул-акыны, залкар комузчусу Арстанбек Буйлаш уулуна коюла турган эстеликтин эскиздик варианты менен таанышты


Арстанбек Буйлаш уулунун эстелигинин эскиздик варианты.

Бүгүн, 27-февралда Бишкекте КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов кыргыз элинин улуу ойчул-акыны, залкар комузчусу Арстанбек Буйлаш уулуна коюла турган эстеликтин эскиздик варианты менен таанышты.
Аталган министрликтен билдиришкендей, айкел акындын 190 жылдыгын белгилөөнүн алкагында коюлмакчы. Эстеликти жаратып жаткан Кыргыз Эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыковдун айтымында, айкелдин бийиктиги постаменти менен 5 метрди түзөт, ал эми Арстанбек Буйлаш уулунун өзүнүн айкели 2,60 см болот.
Эскиздик вариант эстеликтин жалпы көрүнүшү туурасында гана маалымат берсе, эми мындан ары толук иштелип чыгуу аракеттери көрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.