"Ар-намыс" фракциясы сугат жерлерине мыйзамсыз курулган 38 миң үйдү мыйзамдаштыруу сунушун жактырды
"Ар-намыс" фракциясы 27-февралдагы жыйынында 1983-жылдан 2009-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилде республиканын сугат-айдоо жерлеринде курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча сунушталган мыйзам долбоорун жактырды. Долбоорго ылайык, аталган мезгил аралыгында өлкөнүн сугат-айдоо жерлеринде курулган 38 194 үй мыйзамдаштырылмакчы. Маалыматка таянсак, бул үйлөрдө жалпы 41 739 үй-бүлө жашайт. Мыйзам долбоору эми парламент комитеттеринде, жалпы жыйында кеңири талкууланат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















