Ысык-Көлдө “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун 3 мүчөсү кармалды
Ысык-Көлдө “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун 3 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, кармалгандарга карата 3 кылмыш иши козголду. Алардын үйлөрүн тинтүүгө алууда экстремисттик маанайды камтыган китеп, баракчалар, дисктер, аудио-видеоматериалдар табылган. Учурда алар теологиялык экспертизага жиберилген.
"Кармалгандарга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Айта кетчү нерсе, жыл башынан бери мындай фактылар көп катталууда", - деди Р.Сулайманов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.