super.kg logo

Салянованын күйөөсүнө козголгон кылмыш ишин токтотуу жөнүндө Улуттук коопсуздук кызматына өтүнүч кат жиберилди

 

"Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровго козголгон кылмыш ишин токтотуу жөнүндө УКМКга өтүнүч кат бердим",- деп билдирди жактоочусу Тимур Жанаев 27-февралда маалымат жыйынында. Анын билдиришинче, Абдыкапаровго карата кылмыштын курамы жок болсо да, кылмыш иши козголуп отурат. “Өтүнүч арызымды УКМКнын тергөө органдары канааттандырбаса, анда мен мыйзамга ылайык, бул чечим боюнча Башкы прокуратурага даттанам. Ошондуктан мыйзамдуу чечим кабыл алып, саясий боёк бербөөнү суранам”,- деди Жанаев.

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-февралда Бакыт Абдыкапаровго өлкөдөн башка жакка чыкпоо боюнча чара кабыл алынды. Маалыматка караганда, 5-январда УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин мөөнөтү 5-мартта аяктайт, андан соң иш сотко өткөрүлөт.

Бакыт Абдыкапаров "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына карата УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берүү үчүн алдоо жолу менен 50 миң доллар алган" деп айыпталууда.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: