Жоомарт Оторбаев көмүскө экономиканы ачыктоо зарылдыгын айтты
Бүгүн, 27-февралда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептөөлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев көмүскө экономиканы легалдаштыруу зарылдыгын айтты. Өкмөт башчы көмүскө экономиканын 20 пайызы легалдашса, бюджетке кошумча 10 миллиард сом киреше түшөрүн белгилеп, "эсептөөлөр боюнча, кыргыз өлкөсүндө көмүскө экономиканын деңгээли ИДПнын 40-60 пайызына чейин жетүүдө" деп билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
Коңшу мамлекеттердин таасиринен улам кыргыз өлкөсүнүн экономикасы кыйынчылыктарга туш болуп жатканын кошумчалады. "2015-жылы Орусиянын экономикасынын өсүү темпи 5 пайызга төмөндөй турганы болжолдонууда. Валюталардын девальвациясы да кыргыз өлкөсүнүн экономикасына терс таасирин тийгизүүдө",- деди Оторбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

