super.kg logo

Өскөн Даникеевдин 80 жылдыгына арналган иш-чара филармониянын артисттеринин концерти менен коштолду

 
Кыргыз Эл жазуучусу Өскөн Даникеев
Кечени Гүлшан Молдоева жана Алмаз Касымалиев алып барышты.
Салтанат Өскөн Даникеевдин чыгармаларынын негизинде тартылган тасма жана пролог менен ачылды.
Салтанат филармониянын артисттеринин катышуусундагы чоң программадагы концерт менен коштолду.

Бүгүн, 27-февралда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул сыйлыгынын ээси, окумуштуу Өскөн Даникеевдин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу кече болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Н.Момуналиев, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов, КРнын Экономика министри Т.Сариев, жазуучулар, акындар катышты.

Салтанат Өскөн Даникеевдин чыгармаларынын негизинде тартылган тасма жана пролог менен ачылып, филармониянын артисттеринин катышуусундагы чоң программадагы концерт менен коштолду.

Маданият министри А.Максүтов куттуктоо сөзүндө: "Өскөн Даникеев 80 жаштын ашуусуна куру кол келбей, бараандуу жүк артынып, кыргыздын адабияты менен маданиятынын өнүгүшү үчүн салмактуу салым менен келди. Бүтүндөй окурман журтчулугунун кыйырына тараган көркөм чыгармалары көпчүлүккө руханий азык болуп бере алды. Замандашыбыз бири-бирине таптакыр коошпогон, бири-бирине окшобогон эки тармакты бирдей ала жүрүп, экөөндө тең зор ийгиликтерге жетишкендиги менен баарыбызга үлгү боло алды. Техника илиминин адиси болсо да, оргуштап аккан булактын оозун баса албаган сыяктуу, көкүрөккө тынчтык бербеген жазуучулук талант акыры адабият ааламына ишенимдүү кадам таштоого жол ачкан. Албетте, окутуучулук ишмердүүлүгү, жаш муунду тарбиялоодо жасаган албан эмгеги өзүнчө орошон сөзгө арзыйт. Философиялык терең ойду камтыган, тарбиялык мааниси зор “Белгисиз тагдыр”, “Көз ирмемдеги өмүр”, “Мурас”, “Көкөй кести” сыяктуу чыгармалары эл оозуна алынып, окурмандын купулуна толуп келет. Буга анын калеминен чыккан повесть жана романдардын сахнага коюлушу, ошондой эле китептердин башка тилдерде жарык көрүшү ачык күбө",- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: