Кикбоксчу Кумар Жалиев Орусияда өткөн эл аралык мелдеште нокаут менен жеңилди











Кечээ, 26-февралда Москва шаарында кикбокстун К-1 эрежеси боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Орусиялык басылмалар кабарлагандай, анда Орусия, Голландия, Азербайжан жана кыргыз өлкөсүнүн спортчуларынын катышуусунда 8 беттеш орун алды.
Маалыматка ылайык, бул күнү орун алган 8 беттештин 7си рейтингдик беттештер болду. Ал эми күндүн башкы беттеши орусиялык Жабар Аскеров менен голландиялык Селтик Манхуфтун ортосунда болду. Анда мекендешибиз Кумар Жалиев 81 килограмм салмактык бөлүктө орусиялык спортчу Алим Набиев менен кез келди. Беттеш А.Набиевдин артыкчылыгы астында өтүп, 3 раундга созулду. 3-раундда Кумар Жалиев оор сокку өткөрүп, беттешти уланта алган жок. Калыс беттешти токтотуп, жеңишти каршы тарапка ыйгарды.
Кикбоксчу Кумар Жалиев нокаут менен жеңилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.