"Эшек союучу ишканага кылмыш иши козголгон эмес" дейт ишкананын жактоочусу

Бүгүн, 27-февралда эшек союучу жай табылган Ак-Жол айылында ишкананын ишмердүүлүгүнө каршы митинг болуп өттү. "Эшек союучу ишканага кылмыш иши козголгон эмес" деген оюн айтты SUPER.KG порталына "Кайтал" акционердик коомунун жактоочусу Жаныбек Долбаев.
Автор: Мальвина Уметбекова
"Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Финансылык полициядан билдиришкендей, иликтөө күч органдарына түшкөн анонимдик билдирүүнүн негизинде жүрүп жатат. Бүгүн эшек союучу жай жайгашкан Ак-Жол айылында 70тей адамдын катышуусундагы митинг болуп өттү. Анда айрым жарандар аталган ишкана алардын эшектерин уурдаганын айтып чыгышты. Бирок мен жактоочу катары союлган ар бир эшекке таандык документтер бар экенин айтып кетейин. Айта кетчү нерсе, союлган эшектердин эттери өлкө аймагына тараган эмес. Бул окуяга байланыштуу учурда кафе, тамактануучу жайлардын ээлеринен нааразычылыктарды угуп жатабыз. Бүгүнкү митингге чыккандардын баары эшектер союлуучу жайга киргизилип, ишкананын ичи толугу менен көрсөтүлдү. Ооба, эгер аларга бул ишкананын ичинде эмне болуп жаткандыгын билгиси келсе, көрүүгө укуктуу. Учурда бул ишкана тиешелүү мекемелер тарабынан текшерилүүдө. Жакын арада баары белгилүү болот",- деди Ж.Долбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Кыргыздын түшүнө кирбеген жорукту кылып коюшуп дагы уялышпайт экен го булар, "документ бар" деп!
Кемсинтип, мазактаганга тыюу салынат.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга жол берилбейт.