Таштанды менен жолдун оюлганы даана байкалган Мураталы Күрөңкеев атындагы көчө (фоторепортаж)

























Бишкек шаары жаз эрте келгенине байланыштуу ишембиликти да эрте талап кылууда. Тактап айтканда, шаардын көчөлөрү акыр-чикирге толгонун байкоо үчүн изденүүнүн кереги жок. М.Күрөңкеев атындагы көчөнүн 250-300 метрдей жерин эле сүрөткө тартып, анын таштандыларга толгонун көрдүк. Акыр-чикирдин жагымсыз жыты күндүн салкындыгына карабай чыгып жатат. "Күн жылыса бул жер эмне болот?" деген суроо жаралды. Кыштын узап, кардын эриши менен шаарда ишембиликтерди өткөрүү керектиги өзгөчө байкала баштады. Ал эми кардын кетиши менен Күрөңкеев көчөсүндө жолдордун тешилгенин байкабай коюуга болбойт. Унаалар байма-бай өтүп турат, арасында оор жүк ташуучу унаалар да бар. Биз Күрөңкеев көчөсүнүн Абдрахманов атындагы көчөсүнөн Эркиндик бульвары менен кесилишине чейинки гана көрүнүшүн көрсөттүк. Шаардагы буга окшогон каралбай калган жерлер жөнүндө сөз кылып, айтып берүүнү мындан ары да уланта беребиз.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
2

Коомдук этиканы сактаңыз! Эскертүү!