super.kg logo
  Спорт  

Дүйнөлүк бокс серияларында жердешибиз Өмүрбек Малабеков биринчи беттешин өткөрөт

 

Бүгүн, 27-февралда Дүйнөлүк бокс серияларында “Украиналык атамандар” клубу Куба өлкөсүнүн командасына каршы турат. Бул каршылашуунун алкагында украиналык клубдун намысын 56 килограмм салмакта жердешибиз Өмүрбек Малабеков талашат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт. Маалыматка ылайык, бир катар ири мелдештерде ийгилик жаратып келген Өмүрбек Малабековдун атаандашы Энди Круз Гомез болмокчу.

Орун ала турган беттештер:

49 килограмм салмакта:

Хасанбой Дусматов — Йоханез Аргилагос Перез

56 килограмм салмакта

Өмүрбек Малабеков — Энди Круз Гомез

64 килограмм салмакта

Владимир Матвийчук — Яснер Толедо Лопез

75 килограмм салмакта

Хуршидбек Норматов — Арлен Лопез Кардона

91 килограмм салмакта

Сергей Корнеев — Эриснальди Костилья Савон

Кошумчалай кетсек, Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясы – жарым профессионалдык клубдар арасындагы ири мелдеш. Мелдештин бул сезонуна 16 клуб катышууда. Мелдештеги “Украиналык атамандар” клубунун курамына Ө.Малабеков быйыл кошулду. Мелдештин жыйынтыгына карап 10 салмак категориясында “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына жолдомо ойнотулат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.02.2015. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малабеков жеңдиби? Билгендер айтып когулачы.
Админ качан кабар бересиз?
02.03.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZANIA-92, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/102982/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: