super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасына оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салынды

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 28-январында кабыл алган. Мыйзамдын максаты - кыргыз өлкөсүндө оң рулдуу автоунаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын азайтуу.

"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдын 21-беренеси коммуналдык чарба, айыл чарбасы жолдорду куруу үчүн арналган транспорт каражаттарын (автокрандарды, автобургулоочуларды, автобетон аралаштыргычтарды, чачып жуугуч машиналарды), кыргыз өкмөтү тарабынан аныкталуучу транспорт каражаттарынын башка түрлөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоого, пайдаланууга жол берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө пункт менен толукталат. Башкача айтканда, оң рулдуу унааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынат.

Ошондой эле аталган мыйзамдын 2-беренеси "рулдук башкаруусу сол тарабында жайгаштырылган транспорт каражаты", "рулдук башкаруусу оң тарабында жайгаштырылган транспорт каражаты" деген түшүнүктөр менен толукталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: