super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Кореядан билим берүү тармагын реформалоого жардам сурашты

 

Вице-спикер Бөдөш Мамырова, Гүласал Садырбаева жана башка парламент депутаттары 27-февралда Кореянын кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ким Чанг Гю менен жолугушту. “Биз Түркиянын тажрыйбасын иликтедик, бирок Азия өлкөлөрүндөгү билим берүү тутуму менен таанышуу зарылдыгы бар”,- деген Мамырова билим берүү тармагы олуттуу реформаларды талап кылып жатканын айтты. Мамырова Корея агроөнөржай комплекси жана саламаттыкты сактоо тармактарына чоң жардам берип жатканын айтып, билим берүү жаатындагы көйгөйлөргө дагы көңүл бурууну өтүндү. 

Элчи колдоого жана жакшыртууга муктаж болуп турган кыргыз мамлекетинин билим берүү тутумуна токтолду. “Бизде мыкты техникалык билим берүү бар, ал эми гуманитардык багыт жактан аксоодобуз. Мен кыргыз жеринде мындай айырмачылыктарга жол берилбейт деп ишенем”,- дейт элчи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: