super.kg logo
  Саясат  

Жогорку аттестациялык комиссия: "Сырттан келген диссертациялык кеңештин мүчөлөрү 20 пайызга кыскарат"

 

27-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиянын (ЖАК) жалпы жыйыны өттү. ЖАКтын төрагасы Абдрахман Мавлянов буга чейин сырттан диссертациялык кеңештин мүчөлөрүн өлкөгө алып келүү көйгөйлөрдү жаратып келгенин, алардын жол киреси, жатаканасы, тамак-ашы жана башка чыгымдары ошол коргоп жаткан диссертанттын моюнуна жүктөлөрүн айтты. "Азыркы учурда ЖАК тарабынан атайын долбоор даярдалууда. Ага ылайык, башка мамлекеттен келген диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн саны 20 пайызга кыскартылат",- деди Мавлянов. 

Парламент депутаты Каныбек Осмоналиев жакында парламент комитетинде башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын аккредитациялоо маселеси каралганын билдирип буларды айтты: “2013-жылы тиешелүү мыйзамда көз карандысыз аккредитация маселеси белгиленген, бирок аны аткарууга улам мөөнөт суралып, кийинкиге жылып жатканы ойлондурат”. 

Осмоналиев илимий кызматкерлерди мыйзам чыгаруу жаатында сунуштарды берүүгө чакырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: