super.kg logo
  Саясат  

Бишкек жана Ош шаарындагы көзү начар көргөн балдардын мектептерине өлкө тарыхы боюнча атайын китептер тапшырылды

 

Бишкек жана Ош шаарындагы көзү начар көргөн балдардын мектептерине кыргыз мамлекетинин тарыхы боюнча атайын окуу китептери тапшырылды. Тапшыруу аземине Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешев, билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева катышты. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, көзү начар көргөн балдарга арналган брайл быдырлуу чекит тамгасы менен 485 томдук жана ири жалпак тамга менен терилген 175 томдук басылып чыкты. Мындай окуу китептери Бишкек жана Ош шаарларынын көзү начар көргөн балдар мектептери үчүн толук жетиштүү (5-11-класстар үчүн). Бекешев мектеп окуучуларына кайрылып, алардын өз алдынча кыргыз элинин тарыхы менен таанышуу мүмкүнчүлүгү ачылганын белгиледи. "Окуу китептери брайл быдырлуу чекит тамгасы менен терилген. Эми аны өзүңөр окуй аласыӊар. Мен ушул мектепте окуп жүргөндө, мындай мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, өлкө тарыхын мугалимдер окуп беришчү. Бул китеп жакшы билим алууга түрткү берет",- деди депутат. Бекешев кыргыз тили менен кыргыз адабияты боюнча окуу китептерин да ушундай ыкмада басып чыгаруу пландалып жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: