super.kg logo
  Саясат  

Баткенде чыр-чатактардын алдын алуу дареметин күчөтүү үчүн жергиликтүү бийликке семинар өткөрүлдү

 
Баткен облустук юстиция башкармалыгы 27-февралда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үчүн семинар өткөрдү. Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, семинардын максаты - Баткен облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча дареметин жогорулатуу жаатындагы ийгиликтерди, тоскоолдуктарды талкуулоо жана мындан аркы жумуштарды жакшыртуу багыттарын аныктоо. Жыйынга Баткен обладминистрация аппаратынын укук, тартип жана коргонуу бөлүмүнүн кызматкерлери, өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер агенттигинин Баткен району боюнча жооптуу катчысы, Баткен, Кадамжай райондорундагы айыл өкмөттөрүнүн, шаарлардын башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, социалдык багыттагы мекеме-ишканалардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: