super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги 5 мамлекеттик органдын адистерине пилоттук аудиттерди жүргүзүү боюнча жардам көрсөттү

 

Каржы министрлиги 5 мамлекеттик органдын тийиштүү адистерине пилоттук аудиттерди жүргүзүү боюнча жардам көрсөттү. Министрликтин билдиришинче, мамлекеттик органдардын ички аудит кызматтарынын кызматкерлери башкаруу, операциялык жана каржы системдери боюнча пилоттук аудиттердин жүргүзүлүшү тууралуу маалымат алышты. Жардам алган органдар: 

- Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду;

- Мамлекеттик бажы кызматы;

- Каржы министрлиги;

- Социалдык өнүгүү министрлиги.

"Мындан тышкары жогоруда көрсөтүлгөн пилоттук аудиттер менен катар ошол министрликтердин жана ведомстволордун стратегиялык жана жылдык пландарына саресеп салынып, атайын долбоордун алкагында тартылган эл аралык консультант тарабынан баалоо тобокелдиктеринин негизинде отчётторду түзүүдө консультациялык жардам көрсөтүлдү",- деп билдирет мекеме.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: