super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте мамлекеттик кызматкерлерге иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү үйрөтүлүүдө

 
Иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча өкмөттүн токтомун жана тийиштүү мыйзамды ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди иш кагаздарды кыргыз тилинде жүргүзүүгө үйрөтүү үчүн семинар-тренинг уюштурууда. Бул тууралуу аталган мекемеден 2-мартта билдиришти. 

Семинардын милдеттери  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө окутуу;

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кыргыз тилинде ченемдик-укуктук актыларды даярдоонун лингвистикалык-кодификациялык ченемдери менен тааныштыруу;

– тил үйрөтүүдөгү (угуу, окуу, жазуу, сүйлөө, которуу) негизги жөндөмдөрдү өнүктүрүүчү үлгүлөр менен тааныштыруу;

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мамлекеттик тилди үйрөнүүдөгү жана котормо тажрыйбаларынан бөлүшүү, пикир алышуу, суроо-талаптарын билүү. Семинарга Бишкек шаарынын Октябрь, Биринчи Май, Ленин, Свердлов райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери, тил адистери чакырылганы айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: