Экологиялык экспертиза өткөрүүнү акысыз кылуу боюнча мыйзам долбоорун тиешелүү комитет 2-окууда жактырды
Бүгүн, 2-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында мамлекеттик экологиялык экспертизаны акысыз өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды.
"Учурдагы мыйзамга ылайык, мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн негизги
принциптеринин бири - атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишин
каржылоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен гана ишке ашырылышы. Мамлекеттик экологиялык экспертиза өткөрүү
үчүн төлөмдөрдү алуу дагы мамлекеттик экологиялык экспертизанын көз
карандысыз болуусу катары бааланат",- дейт өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Сабир Атажанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















