Сугат жерлерине мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун тиешелүү комитет 1-окууда жактырды




Бүгүн, 2-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети сугат жерлерине мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды. "Бул мыйзам долбооруна ылайык, 1983-жылдан 2009-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилде республиканын сугат-айдоо жерлеринде курулган 38 194 үй мыйзамдаштырылмакчы. Бул үйлөрдө жалпы 41 739 үй-бүлө жашайт",- деди депутат Эсенгул Исаков.
Айта кетсек, мыйзам долбоору "Ар-намыс", КСДП жана "Ата Журт" фракцияларында каралып, колдоого ээ болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

