super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары "эшектин эти намыска катуу тийди" дешти

 

Бүгүн, 2-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында эшек этине байланышкан чуулуу окуя талкууланууда. Депутат Талант Узакбаевдин Советтер Союзу убагында эшектерди союуга тыюу салынганын эскерет. "Эшектин этине байланыштуу маселе кыргыз элин коңшу элдерге абдан уят кылды. Илгертен бери кыргыз эли эшектин этин тамак-ашка колдонбойт. Ачка калган кездерде да эшектин этин жебей өлүшкөн. Эми казак же өзбек элине кантип көрүнөбүз? Намысыбыз тепселенди. Бул моралдык-этикалык зыян. ИИМ тарабынан тиешелүү тарапка кылмыш иши козголушу керек. Эшек эттеринен алыс болгон тамактануучу жайлар жана эт сатуу менен алектенген жеке ишкерлер материалдык жактан жапа чегишүүдө. Алар эттерин сата албай отурушат.

Ал эми эшектер союлган жайдын ээси "эт Гонконгго жөнөтүлөт" дейт. Анда "мыйзамсыз коммерция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгосо болот. Ветеринардык инспекция эч кандай текшерүүлөрдү жүргүзбөгөндүгү үчүн чара көрүү керек",- дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: