Бишкек шаарында мэрдин катышуусунда жарыктандыруу, жолдорду оңдоо, коомдук транспорт маселелери талкууланды
Бишкек шаарында мэрдин катышуусунда жарыктандыруу, жолдорду оңдоо, коомдук транспорт маселелери талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Свердлов районундагы №66-окуу-тарбия комплексинде өтүп, анда аймактык тескөөчүлөрдүн калк менен иш алып баруусу жана шаар тургундарынын курч көйгөйлөрү, ошондой эле жарыктандыруу, жолдорду оңдоо, коомдук транспорт маселелери талкууланды.
Иш-чарага калаа башчысы Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаарынын ИИББинин башчысы Кашкар Жунушалиев, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Алтынай Өмүрбекова, ИИББдин кызматкерлери, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары жана Чыгыш-5 жана Чыгыш-6 кичи райондорунун тургундары катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.