"Алманбет Анапияевдин өлүмүн иликтөө иштери шоу болуп кетти" дейт маркумдун мурунку жактоочусу

"Алманбет Анапияевдин өлүмүн иликтөө иштери шоу болуп кетти". Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына маркумдун мурунку жактоочусу Жыргалбек Бабаев билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
"Кылмыш иши Беларустун аймагында болгондуктан, ал кылмышты иликтөө иштери, күбөлөрдү жана кылмышка шектүүлөрдү суракка алуу Беларуста болушу керек. Ошондой эле киши колдуу болгон Алманбет Анапияевдин жакын жан жөкөрлөрүнүн бири Гүлжигит Абилазизовду суракка алып, анын видеосун жергиликтүү телеканалдардан берүүнүн өзү мыйзамга туура келбейт. Негизи, тергөө иштери жашыруун түрдө өтүшү керек. А бирок бизде анын суракка алынышы, толук аты-жөнү, жадакалса анын сураквидеосу тергөө иштери бүтө электе дүйнөгө тарап кетти. Эң эле чоң катачылык болуп Гүлжигит Абилазизовдун "Анапияевдин өлүмүнө Жаныш Бакиевдин катыштыгы бар" деп айтканы саналат. Себеби ал күнөөлүү болгон күнү да, бул видеону көргөн соң чет жакка чыгып кетти болуш керек. Мындай айтканда, Алманбет Анапияевдин өлүмүн иликтөө чоң шоу болуп кетти. Айрымдар анын өлүмүнө Назгүл Насиеванын тиешеси бар деп айтышууда, ал бул жакта болсо, кандайча тиешеси бар болушу мүмкүн? Ал эми Гүлжигит Абилазизовдун берген көрсөтмөсү чындыкка дал келбейт деп ойлойм, мен анын айткандарына такыр эле ишенбедим",- деди Ж.Бабаев.
Анын айтымында, бул кылмыштын бетин бир гана Беларустун Ички иштер министрлиги ача алат. Себеби алар ар кимди күнөөлөбөстөн, бул кылмышты иликтөөдө калыстыкты сакташат.
"Президентибиз өзү Жаныш Бакиевди күнөөлүү деп атады. Анан биздин Ички иштер министрлиги кантип калыстыкты сактап, тергөө кандай бүтүшү мүмкүн? Соттун чечими чыкмайынча кимдир бирөөнү кылмышкер деп атоонун өзү кылмыш болуп саналат",- деп кошумчалайт Ж.Бабаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

Ошонун бири эр болот.
Элинин болуп тиреги,
Ошонун бири шер болот.
Созу октом озу курч,
Сендей эми ким болот.
Кыргыздын чыгаан уулу,
Сындырдыбы кас душман.
Сыйыртмак салып мойнуна,
Кыйнадыбы кас душман.
Ободо учкан коколоп
Чон-Алайдын буркутун
Тузагын салып бутуна,
Жайладыбы кас душман.
Ак кар кок муз таптаза,
Тоолору бийик Чон-Алай.
Коргон артып сугуну,
Жетпегендер бир далай.
Ушул жоонун жолборсун,
Коро албады кас душман.
Артынан кууп акмалап,
Жанын алды кас душман.
Кош балам деп ыйлаган,
Айда барсан айлына,
Чайын берип сыйлаган
Биз энендин ордуна,
Кошок кошуп ырдайбыз.
Койбоду душман асылган,
Ааламга кеттин Кун-Айсыз,
Айда Кун да болбосо,
Нурун токсун Кудайым.
Жаннат болсун жаткан жер,
Жараткандан сураймын.
Суу кетти да сай калды,
Алмамат деген ат калды.
Унутпайт сени калын эл,
Атагын калды данк калды.
Чон-Алайлык Энелердин атынан эжен Орунбубу.