Баткенде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Бүгүн, 2-мартта эртең менен 9:45 чамасында Баткен облусунун Лейлек районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу райондун Коргон айылынын 2 чакырым түштүгүндө, Чарбак-Сай айылынан 3 чакырым чыгышында, Катраң айылынан 6 чакырым түндүк-батышта, Кара-Суу айылынан 8 чакырым түндүк-батышында катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жапа чеккендер катталган жок.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















