super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "көчөнү таштандыдан арылтуу үчүн балдарды мектептен тарбиялаш керек" дешти

 
Көчөгө таштанды ыргыткандарга айып пулду жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Майрамбек Расулов.
Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети.
Бүгүн, 2-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети көчөгө таштанды ыргыткандарга айып пулду жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. Жыйында депутат Мамытбай Салымбеков "бул демилге ийгиликтүү ишке ашышы үчүн жарандын таштандыны көчөгө ыргыткандыгын тиешелүү органга айтып бергендерди же ачыкка чыгаргандарды сыйлоо керек" деген сунушун айтты.
Буга депутат Талантбек Узакбаев каршы. Анын айтымында, бул сунуш "стукачтардын" көбөйүшүнө шарт түзөт. "Сыйлык алууну көздөгөн адамдар көчөнү булгаган жарандарды издеп башташат. Мунун ордуна мектептерде балдарды маданияттуу болууга үйрөтүү туура",- деди депутат.
Жыйынтыгында комитет көчөгө таштанды ыргыткандарга айып пулду көбөйтүү демилгесин 2-окууда жактырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: