super.kg logo

Аялдардын улуттук форумунда Раиса Атамбаева борбор калаада ар бир 6-кыз 14 жашында жыныстык катнашка барарын айтты

 
"Аялдардын билим алуусу" тематикалык конференциясы А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүүдө.
"Аялдар менен кыздардын ден соолугу" тематикалык конференциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында өтүп жатат.
"Аялдардын билим алуусу" тематикалык конференциясы А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүүдө.
"Аялдардын билим алуусу" тематикалык конференциясы А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүүдө.
“Саясий процесстерде аялдардын ролу жана катышуусу” аталыштагы тематикалык конференциялар И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүүдө.
"Аялдар менен кыздардын ден соолугу” тематикалык конференциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында өтүп жатат.
“Саясий процесстерде аялдардын ролу жана катышуусу” аталыштагы тематикалык конференциялар И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүүдө.
“Саясий процесстерде аялдардын ролу жана катышуусу” аталыштагы тематикалык конференциялар И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүүдө.
"Аялдар менен кыздардын ден соолугу" тематикалык конференциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында өтүп жатат.
"Аялдардын билим алуусу" тематикалык конференциясы А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүүдө.
“Саясий процесстерде аялдардын ролу жана катышуусу” аталыштагы тематикалык конференциялар И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүүдө.

Бүгүн, 2-мартта өлкөнүн канайымы Раиса Атамбаева Аялдардын улуттук форумунун “Аялдар менен кыздардын ден соолугу” темасына арналган бөлүгүнүн жүрүшүндө "Бишкекте ар бир 6-кыз 14 жашында жыныстык катнашка барат" билдирди.  

Ошондой эле Раиса Атамбаева Кыргыз-Орус Славян университетинин акушердик жана гигиена кафедрасында иштегенин жана анда өлкө боюнча демилгелүү иликтөөлөрдү жүргүзөрүн билдирди.

“Акыркы мезгилде өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулук жана бойдон алдыруулар көп экени белгилүү болду. Бишкектеги 12 мектепте окуган 2 миңден ашык кыз катышкан жашыруун сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында жалпы коом үчүн терс көрүнүш аныкталды, ар бир 6-7-кыз 14 жашында жыныстык жашоо менен жашайт экен. Ал эми 10-11-класстын окуучулары бойдон алдыруунун зыяндуулугун жана кесепеттерин билишпейт",- деди Атамбаева.

Белгилей кетсек, Бишкектин ар кайсы жогорку окуу жайларында жана Улуттук китепканада Кыргызстан аялдарынын улуттук форуму өтүүдө. Иш-чаранын алкагында “Саясий процесстерде аялдардын ролу жана  катышуусу” аталыштагы тематикалык конференция И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүүдө. Ошондой эле “Жаңы көйгөйлөр жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” тематикалык конференциясы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде уюшулган.

“Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк: коргоонун натыйжалуу каражаттарына укук жана бейтарап судья” Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында болууда. “Аялдар менен кыздардын ден соолугу” тематикалык конференциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында өтүп жатат.

"Аялдардын билим алуусу" тематикалык конференциясы А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүүдө. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
02.03.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Шаарда жашагандар современный жашоо деп жаш эле кыздарга кыска кийинтет ата -энеси, мына жыйынтыгы. Баткенди маскарлап коюшат койнокторунон,керек болсо ошол койноктун ичинде кыргыздын сулуу кыздары.
02.03.2015. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шаарда жашаган кыздарды Европа айымдары бузуда жана эркек аял тен укукту деген да туртку берудо
02.03.2015. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эч кимге сыр деле болбой калды. Тарбиянын жоктугу, ыймандын жоктугу. Кунаажын козун сузбосо....
03.03.2015. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
18 жашка чейинки оспурум улан кыздарга телефон интернетти тыюу салса ар бир ата эне мен татыктуу ата эне болом деп адам болгум келет деген китепти окуса Жаратуучусун тааныса ошондо онолот кыргыз элим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: