Дайыр Исмадияров Таш-Көмүр шаарында жеке концертин берди













Сахна сыртында.

Концертке келген көрүүчүлөр залдын 100 пайызын ээлешти.

Дайыр мырза күйөрман кыздары менен.


Кыргыз эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында жеке концертин берди. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына билдирди.
Автор: Динара Абдыкадырова
Маалым болгондой, Дайыр мырзанын концертин ырчылар Автандил, Бегимай Бекбоева, Нурбек Дайырбеков жана "Тамашоу" долбоорунун "Ошолор" командасы коштоду.
"Концерт жогорку деңгээлде өттү. Ар бир ырымды күйөрмандарым колдоп турушту. Залда отургандар суроо жазылган каттарын узатышты. Алардын баарына жооп бергенге аракет кылдым. Мисалы, "Таш-Көмүрдү артта калган шаар дейт, сиздин оюңуз кандай?" деген суроого мен "сейрек жана баалуу металлдардын, таш көмүрдүн, асыл таштар чыккан жердин мекенин артта калган деп айткандарга кошулбайм" дедим. Ошондой эле "Качан үйлөнөсүз, сүйлөшкөн кызыңыз барбы?" деген өңдүү суроолорду беришти",- деди Дайыр Исмадияров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат!