Ошто айыпталуучуну сот залынан качырып жиберген 2 кызматкерге кылмыш иши козголду
Ош облустук ички иштер башкармалыгы айыпталуучуну сот залынан качырып жиберген Ош ИИБинин коштоп жүрүү взводунун 2 кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин Оштогу башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
"2 кызматкерге "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда. Ал эми алардын ишин жергиликтүү прокуратура кароодо",- деди З.Сыдыков.
Айта кетсек, 25-февраль күнү 15 жылга эркинен ажыратылган К.Манап аттуу жаран сот залынан качып кеткен. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында ал кечээ, 1-март күнү борбор калаадан кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Bektur2

02.03.2015. 17:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качыргандарды качкан менен кошо камап койсо мышык чычкан ойной беришсин камерада.
Aidar.001

02.03.2015. 18:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оздору да качып кетсе сенсация болмок экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.