Бишкекте кыргыз өлкөсү менен Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун алакасы талкууланды

Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов 2-мартта ЕККУнун Чыр-чатактардын алдын алуу боюнча борборунун директорунун орун басары Раса Остраускайт менен жолугушту. ТИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, кыргыз өлкөсү менен ЕККУнун кызматташтыгы талкууланды. Бешимов аталган уюмдун өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө комплекстүү мамиле зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары кыргыз мамлекетинде быйыл күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоолор тууралуу да пикир алышуу болду. "Борбор Азиядагы кырдаал, Украина маселеси, бул боюнча ЕККУнун мындан аркы аракеттери жөнүндө сүйлөшүү жүрдү",- деп билдирет министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

