Былтыр Кыргызстанда 279 ишкана банкрот деп жарыяланган
2012-жылы Кыргызстанда 279 ишкана банкрот болгондугун Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаментинин башчысы Болсунбек Казаков 11-февралда министрликтин коллегиялык жыйынында билдирди. Анын сөзү боюнча, банкрот болгон 279 ишкананын 70,6 пайыздан ашыгында өз мүлкү жок, ал эми калган ишканалардын жетекчилери кайда экени белгисиз. "Банкрот деп жарыяланган 279 ишкананын 163ү 2010-жылга чейин эле кудуретсиз деп жарыяланган. Алардын негизги бөлүгү аймактарда жайгашкан, өзгөчө оор абал Жалал-Абад облусунда түзүлгөн",- деди Казаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

