super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте салбуурун боюнча биринчилик өткөрүлдү

 
КРнын Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Доорбай Миңбаев.

1-мартта Бишкек шаарындагы “Аккула” ат майданында КРнын салбуурун боюнча биринчилиги өткөрүлдү. Бул тууралуу 2-мартта Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чаранын салтанаттуу ачылышына КРнын Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Доорбай Миңбаев жана КРнын Салбуурун федерациясынын өкүлдөрү катышты. 

Таймашка республиканын жети дубанынан 100дөн ашуун катышуучу келди. Жеңүүчүлөргө Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун медалдары, дипломдору тапшырылды.

“Бул биринчиликтин башкы максаты - республикага жана чет өлкөгө кыргыздын улуттук оюндарынын түрлөрүн жайылтуу. Бул жылы Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун бюджетинен иш-чараны уюштурууга 390 миң сом бөлүндү”,- деди Д.Миңбаев.

Бүркүт салуу:

1-орун - Кубат Эшмуканбетов, Ысык-Көл (Молор – бүркүттүн аты) 

2-орун – Анвар Сатындиев, Ысык-Көл (Берен) 

3-орун - Дайырбек Айбашов Ысык-Көл (Керчагыр) 

Карчыга салуу

1-орун - Өскөн Козугулов (Талас) 

2-орун - Мирлан Калилов (Ысык-Көл) 

3-орун - Бакыт уулу Койлубай (Талас) 

Ителгиге, ылаачынга далба ойнотуу:

1-орун - Түгөл Абдыкадыров (Ысык-Көл) 

2-орун - Азамат Айбек уулу (Ысык-Көл) 

3-орун - Калысбек Замирбеков (Бишкек) 

Жаа атуу:

1-орун - Болотбек уулу Темиркан (Ысык-Көл) 

2-орун - Рустам Ногойбаев (Бишкек) 

3-орун - Эдил Сыдыгалиев (Бишкек) 

Атчан жаа атуу

1-орун - Нурсултан Көлбаев (Ысык-Көл)

2-орун - Бактыбек Сагындык уулу (Ысык-Көл) 

3-орун - Салават Айбек уулу (Ысык-Көл) 

Кыздардын арасында жаа атуу:  

1-орун – Айзада Дүйшөбаева (Жалал-Абад)

2-орун – Айзада Кыдырмышева (Ысык-Көл) 

Жаа атуу (жаштар арасында):

1-орун – Тимур Болотбек уулу (Ысык-Көл) 

2-орун – Хамид Самат уулу (Бишкек) 

Тайган жарыш:

1-орун - Нуржигит Козубеков, Талас (Бурганак – тайгандын аты) 

2-орун - Абидин Бердигул уулу, Талас (Төөкуш) 

3-орун - Мураткан уулу Баатыркан, Талас (Cуркоён)

Кыргыз тайгандары боюнча сынак:

1-орун - Кылымбек Аписов (Нарын), (Каракуш - тайгандын аты) 

2-орун - Абидин Бердигул уулу, Талас, (Каракыз) 

3-орун - Калыбек Тоюмбаев, Нарын, (Тайбас).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.03.2015. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын оюндарын коп коп откоруп турсанар жакшы жоролго экен а футболдон пайда жок
03.03.2015. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А бул башка кеп, мындайды көргөндө кыргыз экениңе сыймыктанасың, а жанагы кумалактарды эстегенде...
03.03.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нукура Кыргыздын ойундарыго сонун болгонго каап укпай калыпызда
03.03.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуттук спорт аябай кызыган тура.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: