super.kg logo

Таласта дин маселеси талкууланды

 

Талас облусунда диний абал талкууланды. Муфтияттын басма сөз кызматы 2-мартта билдиргендей, жыйынга ИИМдин 10-башкы башкармалыгы, Талас ОИИБи жана өкмөт өкүлдөрү катышышты.

“Кыргыз мамлекетинен бүгүнкү күндө 500дөн ашуун жаран чет мамлекетке согуштук аракеттерге катышууга чыгып кеткен. Буга интернет булактарында радикалдашкан уюмдардын ар кандай чакырыктары себеп болууда. Биздин биринчи милдет - калкка туура түшүндүрүү иштерин облустук казыят менен биргеликте жүргүзүүбүз зарыл”,- деди ИИМдин 10-башкармалыгынын башчысы Самат Осмонов.

Ал эми Талас облусунун мусулмандар казысы Таалай Бапиев жер-жерлерде башкы имам-жума намазды өткөрүүчү дин кызматкери менен жергиликтүү аймактардын имамдары жума күндөрү ар бир мечитте элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: