super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев элдик мыйзам чыгаруу демилгесин парламентке жеткирүү мөөнөтүн кыскартууну сунуштоодо

 

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитетинин отурумунда депутат Дастан Бекешев элдик мыйзам чыгаруу демилгесин парламентке жеткирүү мөөнөтүн 65 күндөн 23 күнгө чейин кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

Анын айтымында, азыркы мыйзамга ылайык, элдик демилгелерди экспертизадан өткөрүүгө 30 күн, каттоодон өткөрүүгө 30 күн жана Юстиция министрлигинин демилгечи топтун каттоо жөнүндө чечимди кабыл алышына 5 күн бекитилген. "Сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча, экспертизага 10 күн, каттоодон өтүүгө 10 күн, каттоо жөнүндө чечим кабыл алышына 3 күн деп өзгөртүү демилгеленүүдө",- деди Бекешев.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинде мыйзам долбоорлорун демилгелөөгө элдин (10 000 жана андан ашык жаран) укугу бекемделген. Элдик демилге жол-жобосу "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" мыйзамда бекемделгенине карабастан, Жогорку Кеңеш ушул кезге чейин эл демилгелеген бир да мыйзам долбоорун карай элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: