super.kg logo

Чүй облусунда жана Бишкекте 16-марттан тарта кызамык жана кызылчага каршы эмдөө башталат

 

Чүй облусунда жана борбор калаада 16-марттан 28-мартка чейинки аралыкта кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына Республикалык эмдөө борборунун директору, иммунолог Жолдош Калилов билдирди. 

"Эмдөө алгач Бишкек жана Чүй облусунда 7 жаштан 20 жашка чейинки балдар арасында, андан соң этап-этап менен өлкөнүн башка аймактарында да жүргүзүлөт. Ага жалпысынан апрель айына чейин 1,7 миллион доза алынып келинет", - деди Жолдош Калилов. 

Анын айтымында, эмдөөнүн экинчи этабында аймактарда 1 жаштан 20 жашка чейинки балдар, мектеп окуучулары, андан сырткары орто жана жогорку билим берүүчү мекемелердин кызматкерлери да эмдөөдөн өтмөкчү. 

Айта кетсек, 12-февралда кызамыкка жана кызылчага каршы 840 миң доза вакцина, башкача айтканда, 2835 килограмм салмактагы эмдөөчү каражаттар ЮНИСЕФ аркылуу алынып келинген. Маалыматка караганда, учурда 5736 адам аталган вирусту жуктуруп алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.03.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олкого тарап кеткенден кийин эмдоо башталат го кызамык жаны башталганда эле эмдебейби как всегда поезд отуп кеткенден кийин кыймылдайбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: