super.kg logo
  Саясат  

Элдик демилгени парламентке жеткирүү мөөнөтүн 65 күндөн 50 күнгө чейин кыскартууну парламенттин тиешелүү комитети жактырды

 
Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитети 3-мартта элдик демилгени парламентке жеткирүүнүн мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуш-пикирлерди кабыл алуу менен 1-окууда жактырды.
Комитет мүчөлөрү жана өкмөт өкүлдөрү мыйзам долбоорун талкуулоодо өз сунуштарын айтышты. Айрыкча элдик демилгени экспертизадан өткөрүүгө 30 күндү калтыруу, каттоодон өткөрүүгө 10 эмес, 15 күн деп өзгөртүү, ал эми демилгечи топту каттоо боюнча чечим кабыл алынышына 5 күн бойдон калтыруу сунушталды. Демилгечи депутат Дастан Бекешев сунуштарга макул болду.  
Айта кетсек, элдин керектүү добушу менен демилгеленген мыйзам долбоорун парламентке киргизүү үчүн экспертизадан, каттоодон өткөрүү жана демилгечи топту каттоо боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн 65 күндөн 23 күнгө чейин кыскартуу сунушталган эле.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: