Борбор калаада алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Борбор калаада алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен бир нече жаран кайрылган. Анда алар белгисиз бир жаран алардын ишенимине кирүү менен чоң суммадагы акча каражаттарын алып, изин суутуп кеткенин айтышкан. Жабырлануучуларга келтирилген жалпы чыгымдын суммасы 1 миллион сомду түзгөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.