Нарын жана Жалал-Абад шаарларында Мамлекеттик туу күнү белгиленди (фото)
Мамлекеттик туу күнү Жалал-Абад шаарынын “Эркиндик” аянтында салтанаттуу белгиленди.


Мамлекеттик туу күнү Жалал-Абад шаарынын “Эркиндик” аянтында салтанаттуу белгиленди.





Нарын шаары.

Мамлекеттик желек күнү салтанаттуу белгиленди.




Иш-чара жергиликтүү артисттердин чакан концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

Иш-чарага калаа башчысы Рахат Адиев, мэриянын өкүлдөрү катышып, тургундарды куттуктап өтүштү.
Бүгүн, 3-мартта Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Нарын шаарынын тургуну Нургүл Курманалиева SUPER.KG порталына билдирди.
Автор: Динара Абдыкадырова
Маалым болгондой, иш-чарага калаа башчысы Рахат Адиев, мэриянын өкүлдөрү катышып, тургундарды куттуктап өтүштү.
Иш-чарада ак калпакчан мырзалар байракты көтөрүп алышып жөө жүрүшкө чыгышты. Алар патриоттук ырлар жаңырган шаардын борбордук аянтына келишип, тууну желбиретишти. Иш-чара жергиликтүү артисттердин чакан концерттик программасы менен жыйынтыкталды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү Жалал-Абад шаарынын “Эркиндик” аянтында салтанаттуу белгиленди. Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришкендей, иш-чарада жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери ак калпак кийип, тууну бийик көтөрүп жөө жүрүшкө чыгышты. Туурасы 3 метр, узундугу 6 метр болгон мамлекеттик туу алмаштырылып, шаардын борбордук аянтында желбиреди. Салтанатка шаар аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч органдары катышышты.
“Жаштарыбыз намыстуу болсо, дайыма кыргыздын атын чыгарып, маданият, спорт жаатында эле эмес, бардык тармактарда жетишкендиктер көп болгондо кыргыздын туусу көтөрүлүп, ийгиликтерге үндөйт”,- деп билдирди өз сөзүндө вице-мэр Таирбек Чойбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.