super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өлкөсү 20-мартта Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү академиясына кошулат

 
Кыргыз мамлекетинин Австриядагы элчиси Эрмек Ибраимов менен Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү академиясынын аткаруучу катчысы Мартин Кройтнер жолугушту. ТИМдин маалымат кызматы 3-мартта билдиргендей, кыргыз өлкөсү аталган уюмга кошулуу боюнча быйыл 20-январда арыз берген. 
Кройтнер тийиштүү нормаларга ылайык, кыргыз тарап аталган академияга быйыл 20-мартта кошуларын билдирди. Ибраимов кыргыз мамлекетинде коррупция менен күрөшүү боюнча ири иштер жүрүп жатканын, өлкөнүн уюмга кошулушу маанилүү экенин белгиледи. "Жолугушууда академиянын түзүмү, негизги милдеттери жана максаттары, коррупция менен күрөшүү жаатындагы иштери тууралуу маалымат айтылды. Жыйынтыгында тараптар кыргыз өлкөсү менен Эл аралык коррупцияга каршы академиянын ортосунда тыгыз кызматташтык орнотуу зарылдыгын айтышты",- деп билдирет ТИМ.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: