Аялдардын улуттук форуму: "Аялдарды колдогон мыйзам долбоорлоруна каршы депутат айымдарга шайлоодо добуш бербейбиз"




“Аялдарды колдогон мыйзам долбоорлоруна каршы чыккан депутат айымдар бар. Биз кийинки парламенттик шайлоодо мындай айымдардын эл өкүлү болуусун каалабайбыз” деген пикирлер бүгүн, 3-мартта Аялдардын улуттук форумунун жүрүшүндө айтылды.
Өлкөнүн жети дубанынан келген айымдар Жогорку Кеңеште оозуна талкан салып алгансып отурган айымдар жок эместигин белгилеп: “Кезеги келгенде бул "балык" аялдар бар партияга добуш бербейбиз. Алардын ордун татыктуу айымдар ээлеши керек. Республикабыздын азыркы муундагы аялдары, кийинки мууну чечимдерди кабыл алууда кызмат орундарынын 30 пайыздык баштапкы планкасын калтырууга тийишпиз, милдеттүүбүз”,- дешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

