super.kg logo
  Саясат  

Декларациялык кампаниянын 2-этабы башталганы айтылды, жарандар 31-мартка чейин жылдык кирешелерин ачыкташы керек

 

Мамлекеттик салык кызматы 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниянын экинчи этабын баштады. Жеке жактар 31-мартка чейин 2014-жылы алынган кирешелери, жер тилкелери жана мүлктөрү, экономикалык ишмердиктери тууралуу салык органдарына отчёт берүүлөрү керек.

"Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай тилкелеринен башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү",- деп билдирет мекеме.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө айып салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: