super.kg logo

"Экономикалык каатчылыктар жана жашоонун кыйынчылыктары аялдарды тушап турат" дейт Роза Отунбаева

 

"Коомдун бардык жеринде патриархат жүрүп жатат. Эски үрп-адаттар, салттар күч алган". Мындай пикирин бүгүн, 3-мартта экс-президент Роза Отунбаева Аялдардын улуттук форумунун жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, жетекчи аялдар зарылчылыгы болгон жерде гана иштеп калышты. Алардын орду айылда мектептерде, ФАПтарда, райондук ооруканаларда жана китепканаларда гана калды.

“Айымдарга “аялдын өз орду болот, ал тиешелүү жүрүш-турушун сактоого тийиш” деп айтышат. Айыл жамааттарынын, айыл өкмөттөрүнүн лидерлери мындай аялдардын жергиликтүү кеңештерге депутат болушун эч каалашпайт. “Бюджеттик каражаттардын эсебинен иштеген мектеп жетекчилери, саламаттыкты сактоонун мамлекеттик же муниципалдык мекемесинин жетекчилиги жергиликтүү жетекчиликке шайлоого киргизилбейт” деген эки жыл мурдагы мыйзам айылдык аял кадрларынын өсүшүн таптакыр сызга отургузду”,- деди Отунбаева.

Буга кошумчалай Роза Отунбаева өлкөдө никени расмий түрдө каттабастан никеге тургандардын санынын өсүшү күчөгөндүгүн да белгиледи.

“Ачыктан ачык көп аял алуунун көбөйүшү, талак берип ажырашуу практикасы, көп сандаган ала качуу, балдарды эмдөөгө тыюу салуу... Биздин турмушубуз ушундай болуп баратат. Ар түрдүү экономикалык каатчылыктар жана жашоонун кыйынчылыктары аялзатынын колун кишендеп турат”,- дейт экс-президент.   






Роза Отунбаева Аялдардын улуттук форумунда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: