super.kg logo
  Саясат  

Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө катышкан жалданма уюмдардын 50 пайызы аудитордук текшерүүдөн баш тартты

 

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө катышкан жалданма уюмдардын 50 пайызы аудитордук текшерүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринин кошмо жыйынында Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова билдирди.

Анын айтымында, аудитордук текшерүүдөн документтерин тапшырган жалданма уюмдар гана өтүштү. "Аудитке катышпагандар боюнча Башкы прокуратура териштирүү жүргүзсүн деп Жогорку Кеңештен жардам сурап жатабыз. Анткени аудитке катышпоо Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамды бузуу болуп саналат. Тиешелүү материалдарды Башкы прокуратурага жөнөткөнбүз",- деди Ибраимова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: