Бишкекте КРнын улуттук курама командаларынын бардык спортчуларына кышкы кийимдер тапшырылат
13-февралда саат 10:00дө Бишкектеги Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинде КРнын улуттук курама командаларынын бардык спортчуларына кышкы кийимдерди тапшыруу аземи болот. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул иш-чара Кыргызстандын улуттук курама командаларынын спорттук деңгээлин көтөрүү максатында спортчуларга окшош спорттук кийимдер бериле турганын билдирет агенттик. Тактап айтканда, спортчуларга баш кийим, моюн орогуч, жилет жана күрмө берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.