super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "кесиптик лицейлерди оптимизациялоодон үнөмдөлгөн акча окуу жайларды өнүктүрүүгө жумшалышы керек" дешти

 
Кыргыз мамлекетинде кесиптик лицейлерди оптимизациялоодон үнөмдөлгөн акча кыскартылбай, окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалышы керек. Мындай пикирди парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 3-марттагы жыйынында депутаттар билдиришти. Жыйында Жогорку Кеңештин "Республикалык бюджеттен каржыланган окуучулардын жана студенттердин контингентинин бар экендиги боюнча башталгыч жана орто кесиптик билим берүү жаатындагы иштин абалын иликтөө жөнүндө" тийиштүү токтомунун аткарылышы талкууланды. 
Депутат Каныбек Осмоналиев Токмок шаарындагы кесиптик лицейлерге кадр даярдоо ишин колго алган Өнөр жай техникумун дагы күчөтүү керектигин айтты.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерге көңүл буруу боюнча өкмөткө тапшырма берилип, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин жетекчилеринин маалыматтарын эске алуу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: