Кыргыз жеринде газ 28 тыйынга кымбаттады, мартта абоненттер 14 сом 24 тыйындан төлөшөт

Кыргыз жеринде жаратылыш газы 28 тыйынга кымбаттады. Өлкөдөгү абоненттер март айында газдын метр кубуна 14 сом 24 тыйындан төлөшөт (мурунку айда 13 сом 96 тыйын болчу). Газдын кымбатташын "Газпром Кыргызстан" ишканасы доллардын курсунун жогорулашы менен байланыштырууда. Өндүрүш ишканалары үчүн жаратылыш газынын баасы бул айга 17 сом 08 тыйын деп бекитилди (мурунку айдагыдан 31 тыйынга кымбат). Өткөн айда жаратылыш газы 18 тыйынга көтөрүлгөн же 13 сом 78 тыйындан 13 сом 96 тыйынга жогорулаган.
Айта кетсек, былтыр сентябрда "Газпром" ААКсынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Алексей Миллер Бишкекке келип, кыргыз мамлекетине жеткирилген жаратылыш газынын 1000 метр кубунун баасын 224 доллардан 165 долларга чейин түшүрүү чечими кабыл алынганын айткан. Муну менен газдын баасы 59 долларга арзандап, абоненттер октябрда газ үчүн 12 сом 93 тыйындан төлөштү (ага чейин 16 сом 35 тыйындан төлөп келишкен). Бирок ноябрь айынан баштап газдын баасы кайрадан өсүү үстүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

