Бишкекте тоноочулукка шектелип эки жаран кармалды
Бишкек шаарында тоноочулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Сокулук районунун 22 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал кечээ, 2-март күнү Байтик баатыр-Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз эки жаран күч колдонуу менен анын 6 миң сомдук уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Т.У. жана 25 жаштагы С.С. аттуу шаардын тургундары кармалышты. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.