Чоң-Алай районунун акими 2014-жылдагы аткарылган иштер боюнча отчёт берди
Февраль айынын соңунда Чоң-Алай районундагы жергиликтүү кеңеш жыйын өткөрдү. Анда райондук мамлекеттик администрациянын башчысы А.Ашыралиевдин 2014-жылдагы аткарган иштери боюнча отчёту угулду.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына жергиликтүү кеңештин депутаты Абдысалам Бөрүбаев: "Мыйзам боюнча, райондун акими жергиликтүү кеңештердин жыйналышында жылына 1 жолудан кем эмес отчёт берүүгө милдеттүү. Чоң-Алай районунун акими А.Ашыралиев 2013-жылдын отчётун да берген эмес",- деп билдирди.
Анын айтымында, жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү С.Жээнбеков катышты. Акимдин отчёту боюнча депутаттар тарабынан көптөгөн курч сын-пикирлер айтылды. Райондун акиминин өткөн жылдагы ишине жыйындын катышуучулары канааттандырарлык эмес деп баа беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
maks94.kb

03.03.2015. 18:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм кызык
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.