super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратурага Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө байланыштуу мыйзам бузууларды териштирүүгө 3 ай берилди

 
Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш, Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринин кошмо жыйыны
Парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жетекчиси Жусупали Исаев.

Башкы прокуратурага Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө байланыштуу каржылык мыйзам бузууларды териштирүүгө 3 ай убакыт берилди. Мындай чечим бүгүн, 3-мартта парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш, Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринин кошмо жыйынында кабыл алынды.

Комитет жетекчилери чечимди макулдашып, төмөнкүлөргө токтолушту: 

1. Башкы прокуратура Эсептөө палатасы менен биргеликте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүдө каражат жагынан канча зыян келтирилгенин аныктасын.

2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын өкүлдөрүнө жана тиешелүү мамлекеттик кызматкерлерге юридикалык баа берилсин.

3. Башкы прокуратура 3 ай ичинде аталган шаарларды калыбына келтирүүгө байланыштуу каржылык мыйзам бузууларды териштирип, отчёт берсин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: