super.kg logo
  Саясат  

Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту кыргыз мамлекетинин "Центеррадагы" 6,5 миллион акциясын камакка алды

 
Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту кыргыз мамлекетинин "Центерра" компаниясындагы 6,5 миллион акциясын убактылуу камакка алды. Бул тууралуу 3-мартта SUPER.KG`ге "Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, учурда мунун үстүнөн кыргыз өкмөтү тарабынан жалданган юристтер иштеп жатышат. 
"Мындай чечим Латвиянын Валерий Белоконь деген ишкеринин берген арызына ылайык кабыл алыныптыр. Анткени ал ишкер 2010-жылга чейин "Манас" банкын түптөп иштетип келген. Апрель окуясынан кийин ошол кездеги Убактылуу өкмөт банкты өкмөттүн эсебине алып койгон. Жакында аталган ишкер Париждин сотуна кайрылып, 16,5 миллион доллар өндүрүп берүүнү талап кылган жана сот ушундай чечимге келген. Бирок биз ага макул болбой келгенибизден ал Канада сотуна кайрылган. Мындан сырткары жакында Кыргыз Республикасынын  "Центерра" компаниясындагы 77 миллион акциясынын 47 миллионуна да арест коюлган болчу",- деди Мамытов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: